Ысык-Көл облусунда 100 бала бакчанын 59у кадимки режимде иштеп баштады

Ысык-Көл облусунда 100 бала бакчанын 59у кадимки режимде иштеп баштады.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемелерине

4,5 миң бала кайтып келсе, дагы 11 миң бөбөк калган бакчалардын ачылышын күтүүдө.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, калган 41 бакчаны кийинки жумага чейин ачуу пландалууда.

Уруксаатты аймактык COVID-19 менен күрөшүү штабы бериши керек.