Тарыхый-маданий мурас жайларды сактоо боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

 

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинети үч айлык мөөнөттө 2023–2027-жылдарга «Көөнө тарых сырлары» тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгып, бекитиши керек.

Өкмөттүн иш пландарына маданий баалуулуктарды мыйзамсыз казууну, уурдоону, ташып келүүнү жана ташып чыгууну болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү, тарыхый-маданий мурас объектилерин издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу, жүгүртүү эрежелерин жөнгө салуу дагы кирет. Бул иштерди жергиликтүү деңгээлде дагы күчөтүү зарылдыгы белгиленген.

Быйыл февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш, Чолпон-Ата аймактарындагы тарыхый баалуу петроглифтер жайгашкан жерлерге калктуу конуштар түшүп, сарайлар курулуп жатканын маалымдаган. Кыргызстанда соңку жылдары петроглифтер талкаланып жатканы тууралуу бир нече билдирүүлөр болгон.

Ага чейин Алайдагы петроглифтер жаткан аймакта жол салынып, көмүр казуу иштери башталганы сынга кабылган.

2002-жылы Кыргыз өкмөтү тарабынан тарыхый эстеликтердин сакталышын жана натыйжалуу пайдаланышын камсыз кылуу максатында Тарыхый-маданий мурас обьектилерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобо бекитилген. 83 тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмеси такталган.