Татарстанда коомдук транспортко түшүү үчүн коронавируска каршы эмдөөнү
тастыктаган QR-код көрсөтүү талап кылынууда. Татарстан Россияда мындай
талапты киргизген биринчи аймак болду. » миллион 300 миңдей адам жашаган
Казань шаарында жаңы эрежелердин биринчи күнү айрым аялдамаларда узун
кезек пайда болду. QR-коддорду айдоочулар менен кондукторлор
коомдук унаага кирүүдө текшерүүдө.