Караколдо облустук бириккен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты оңдолуп, пайдаланууга берилди

Караколдо облустук бириккен аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн

имараты оңдолуп, пайдаланууга берилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин

маалыматы боюнча, иштерди жүргүзүүгө 8 миллион сомдон ашык жумщалды.

Каражатты Азия өнүктүрүү банкы бөлүп берди. Белгилеп кетсек, донор Кыргызстанда

атайын долбоорду ишке киргизди. Анын алкагында, өлкө боюнча 18 жугуштуу оорулар

бөлүмү капиталдык оңдоодон өтөт жана керектүү медициналык жабдуу менен камсыздалат.