“Тазалык” муниципалдык ишканасы 530 жаңы контейнер сатып алды

“Тазалык” муниципалдык ишканасы 530 жаңы контейнер сатып алды.

 

Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, шаардын төрт районуна 82 контейнер таратылып, ар бири ар башка түскө боёлот.

 

Калган 202 жаңы контейнер башка аймактар арасында бөлүштүрүлөт. Белгилеп кетсек, ордо калаада таштанды үчүн 5 миңден ашык челек бар. Алар акыркы жолу 2015-жылы жаңыртылган.