Ордо калаанын Ак-Өргө конушунда тез жардам кызматынын жаңы станциясы ачылды.
24 агенттигине Ыкчам медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов билдиргендей, анда күнү-түнү 4 бригада нөөмөт жүргүзөт.
Жаңы станция Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы бардык конуштарды тейлейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан станцияга 4 жаңы тез жардам унаасы, диагностикалык жабдуулар тапшырылды.