“Тазалык” муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

“Тазалык” муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Шаар көчөлөрүн кардан тазалоого 44 атайын техника жана 700дөн ашык кызматкер тартылды.

 

Эртеден бери көчөлөргө, жолдорго жана тротуарларга техникалык туз жана кум себилүүдө. Жарандарга этият болуп, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат. Ал эми айдоочулар авариялык абалдарды жаратпаш үчүн жол эрежелерин так сактап жүрүшү керек.