Кыргызстанда жакынкы арада 17 өнөр-жай долбоору ишке кирет

Кыргызстанда жакынкы арада 17 өнөр-жай долбоору ишке кирет.

 

Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди. Анын айтымында, биринчи кезекте машина куруу ишканасы турат.

 

Ал ушул жылдын март айында ишке кирет деп пландалууда. Андан тышкары, модернизациялоо иштеринен кийин “Жунда” мунайды кайра иштетүү заводу, карапа такталарды жана цемент продукциясын өндүрүүчү заводдор ачылат.