Кыргызстандыктарга унаа менен Казакстан жана Россияга барбай туруу сунушталат. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул коңшу өлкөдө аба-ырайынын шарттары катаалдашканына байланыштуу.
Учурда Казакстандын 16 облусунда республикалык маанидеги 100дөй унаа жолу жабык. Тышкы иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын бөлүмдөрү абалды көзөмөлдөөнү улантууда.