Кыргызстанда жөлөк пул алган балдардын саны дээрлик 45 миңге азайды

Кыргызстанда жөлөк пул алган балдардын саны дээрлик 45 миңге азайды.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 1-майга карата мамлекеттик пособие алган балдардын саны 388 миң 800дү түздү.

 

Анын ичинен 278 миңи “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышат. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 44 миң 900гө аз. Жөлөк пул алгандардын саны калктын кирешесинин, эмгек акынын көбөйүшүнө байланыштуу кыскарган, — дешти ведостводон.