Telegram мессенджеринде кыргыз тилин үйрөнүүгө жардам берген онлайн-бот ишке кирди. Ал Константин Юдахиндин орус-кыргыз сөздүгүнүн негизинде түзүлгөн. Аны менен колдонуу оңой эле – ага керектүү сөздү жазса эле котормосу чыгат.
Пайдалуу ботту программист Калыс Осмонов тартуулады. Tiligram колдонуучулар үчүн акысыз, аны менен тайпа ичинде же жеке түрдө колдонсо болот.