Кыргызстандын акыйкатчысы болуп Жамиля Жаманбаева шайланды

Кыргызстандын акыйкатчысы болуп Жамиля Жаманбаева шайланды. Аны Жогорку Кеңештин 48 депутаты колдоду.

 

Ал эми бул кызматка ат салышкан дагы бир талапкер, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков 20 добуш алды.

 

Эске салсак, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы парламент 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган.