Кыргызстан жарандарынын айрым категориясы ID-паспортту акысыз ала алат

Кыргызстан жарандарынын айрым категориясы ID-паспортту акысыз ала алат.

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, кеп 16 жашка чыга элек өспүрүмдөр, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, жетимдер, 70ке чыккан пенсионерлер жана Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен окуяларынын катышуучулары тууралуу болуп жатат.

 

Документтерди берүү кампаниясын ведомство 1-майдан 31-августка чейин өткөрүүнү пландоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Белгилеп кетсек, учурда 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы 530 сомго жетет.