Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөтүлдү.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, балбан быйыл 6 медаль тагынды.
Бул жыйынтык менен ал 55 миң упай топтоп, дүйнөлүк күрөш уюмунун тизмесинде биринчи орунду ээледи.
“Жылдын мыкты балбаны” наамына Азербайжан, Түркия жана Сербиянын спортчулары да талапкер болушууда.