КМШ мамлекеттери качкындагы коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп берет.
Келишимге 14-октябрда Астанада өткөн саммиттин алкагында кол коюлган.
Эми өлкөлөр коррупция боюнча кылмыш иштеринде жардам көрсөтүп, макулдашылган ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, коррупционерлерди издөөдө, кармоодо жана экстрадициялоодо кызматташат.
Муну менен катар маалыматтык системаларды түзүү, стратегияларды, программаларды жана кызматташуу пландарын иштеп чыгуу пландаштырылууда.