Бишкекке дагы 80 автобус жеткирилди

Бишкекке дагы 80 автобус жеткирилди. Транспорт Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен жетишилген макулдашууга ылайык, Кытайдын заводунан келди.

 

Жалпысынан бул линия менен ордо калаага 124 автобус келиши керек. Транспорттун сыйымдуулугу 85 адам болсо, 29 орундук бар. Автобустар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандустар менен жана видео байкоо камералары менен камсыздалган.