Кыргызстанда жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу 14% көп айдалды

 

Ушул жылдын апрель айында аба ырайынын ыңгайлуу болушу жазгы талаа жумуштарынын темпинин өсүшүн шарттады.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпысынан 430 миң гектарга жакын жаздык эгин айдалды.

Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 14 пайызга көп.