Токиодо станциялардын биринин жанында 3 эселүү ири мышык орнотулду.
Жарнамалык тактадагы сүрөт ушунчалык реалдуу болгондуктан, аны чыныгы жаныбардан айырмалоо кыйынга турат. Анын көлөмү 3 кабаттуу имараттыкындай.
Мындай ролик тургундарга жаңы технологияны көрсөтүү үчүн коюлуп жатат. Азырынча жаңычылдык тестирлөөдөн өтүп, расмий бет ачаары 12-июнга белгиленди.