Токиодо жайкы Паралимпиада оюндары жыйынтыкталды

Токиодо жайкы Паралимпиада оюндары жыйынтыкталды.

Салтанат көрүүчүлөрсүз өттү. Паралимпиада 24-августта башталып,

5-сентябрга чейин созулду. Парадга 162 курама жана качкындар

командасынын атлеттери катышты. Медалдар боюнча Кытай

96 алтын алып биринчиде, экинчиде Улуу Британия 41 байге менен турса,

үчүнчүдө АКШ 37 алтын медаль менен жайгашты. Кыргызстандан аталган

мелдешке парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы жана ядро

ыргытуунун чебери Арыстанбек Базаркулов катышты.