Калмира Билимбекова КМШ мамлекеттеринин оюндары эл аралык мелдешинде
алтын медаль утту. Кыргызстандык спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча 55 кг
салмакта күч сынашты. Мелдештер Татарстандын Казань шаарында өтүп жатат.
Эске салсак, Билим бекова августтун аягында Уфада өткөн кыз-келиндер
күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болгон.