Кыргызстанда «акылдуу эсептегичтер» көбөйтүлөт

Кыргызстанда «акылдуу эсептегичтер» көбөйтүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев кышка даярдык боюнча өткөргөн жыйында айтылды. Күн тартибинде ошондой эле электрондук квитанция системасын киргизүү жана жоготууларды азайтуу маселеси талкууланды.

 

Акыркы статистикага ылайык, Кыргызстанда бир жарым миллиондой абонент катталган. Алардын 300 миңдейинде «акылдуу эсептегич» бар.