Бишкектин Абдрахманов/Байтик баатыр көчөсүндө коомдук транспорт линиясы кийинки жумаларда пайда болот. novosti.kgге Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, учурга карата көчөнүн Ахунбаев – Бөкөнбаев тилкесине сызыктар түшүрүлдү.
Андан кийин жол белгилери орнотулуп, иштер Бөкөнбаев – Жумабек участогунда улантылат.
Эске салсак, алгачкы коомдук транспорт линиясы Аалы Токомбаев көчөсүндө пайда болгон.