Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган атайын эсепке 13 миллион 300 миң сом чогулду

Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган атайын эсепке 13 миллион 300 миң сом чогулду.

Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек,

эсепке жарандар өз ыктыяры менен акча которот. Эрежеге ылайык алардын аты-жөнү айтылбайт.

Болгону канча каражат чогулганы тууралуу министрлик отчет берип турат. Мамлекеттин жалпы

карызы 31-январга карата 4 миллиард 954 миллион долларга жетти. Анын 85 пайызы тышкы,

калганы ички береселер. Кыргызстан басымдуу сумманы жеңилдетилген

насыяларга жана Кытайдын Эксим банкына карыз.