Компьютердин клавиатурасы ар кандай тери жана көз ооруларын пайда кылышы мүмкүн

Компьютердин клавиатурасы ар кандай тери жана көз ооруларын пайда кылышы мүмкүн.

Россиялык адистердин айтымында,  бул клавиатурада көп сандаган микробдордун бар болгонуна байланыштуу.

Ден соолукту коргоонун эң оңой жолу — клавиатураны жок дегенде айына бир ирет тазалап туруу зарыл.

Бул үчүн микробдорго каржы каражаттар жана курамында спирт бар нымдалган салфеткаларды колдонсо болот.

Бирок клавиатураны санитардык техника үчүн чыгарылган каражат менен сүртүүгө болбойт.

Алардын курамындагы химиялык күчтүү заттар компьютерди жана ага тиешелүү жабдууларды иштен чыгарып коюшу ыктымал.