Чечме айылындагы жаңжалдан кийин Айдаркен жалпы дарыгерлик практика борборуна 15 жабырлануучу кайрылды.
4 адам стационарда, калгандарына биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйдөн дарыланууга жиберилди.
Эске салсак, 31-майда эки айыл жашоочулары ортосунда пикир келишпестик чыгып, окуя бири-бирине таш ыргытууга чейин жетти.
Жаңжалдын чыгышына Чечме булагын талашуу себеп болду. Учурда чек арада абал туруктуу.