Улуттук банк физикалык жактарга чет элдик валютаны сыртка чыгарууга тыюу сала албайт

Улуттук банк физикалык жактарга чет элдик валютаны сыртка чыгарууга тыюу сала албайт. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш жарыялады.

 

Анын айтымында, банк мындай ыйгарым укуктарга ээ эмес, бирок мындай демилге министрлер кабинетинде көтөрүлгөн. Эске салсак, соңку күндөрү кыргызстандыктардан сомду долларга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна арыздар түшкөн.

 

Банктарда чектөөлөр киргизилген, ал эми акча алмаштыруу жайларда америкалык валюта деги эле жок.