Жергиликтүү кеңеш шайлоолорун өткөрүү казынага 24 миллион 683 миң сомго айланат. БШК маалыматына ылайык, сметага шайлоо тилкелерин тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо, комиссия мүчөлөрүнүн айлыгы, кызматкерлерге тамак-аш алып берүү жана башка майда чыгашалар кирди.
Эске салсак, келе жаткан жекшемби, 10-апрелде Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жана 13 айылдык кеңешинде жергиликтүү депутаттарды шайлоо өтөт.