Netflix “Кальмар оюну” сериалынын экинчи сезонун расмий жарыялады

Netflix “Кальмар оюну” сериалынын экинчи сезонун расмий түрдө жарыялады.

Компаниянын социалдык тармактарында 10 секунддук тизер пайда болду, бирок азырынча шоунун качан чыгары көрсөтүлгөн эмес.

Netflix ошондой эле режиссёр жана сценарист Хван Дон Хёктун кайрылуусун чыгарды.

Анда ал сериалды улантуу боюнча иштер жүрүп жатканын тастыктайт.