Кыргызстанда балык экспорту өсүүдө

Кыргызстанда балык экспорту өсүүдө.

Айыл-чарба министрлигинин маалыматына караганда, былтыр 5 миң тоннадан ашык балык башка өлкөлөргө жеткирилди.

Бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

Балык негизинен Россия, Казакстан жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттолот.

Ал эми өлкөдөгү бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестринде 200гө жакын ишкана катталган, экспорт менен анын 30у иш алып барат.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда товардык балыктын эки түрү — карп жана кубулжума форели өстүрүлөт.