Өзгөндө логистикалык борбор ачылды

Ош облусунун Өзгөн районунда логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Белгиленгендей, анын сыйымдуулугу 650 тоннаны түзөт.

 

«Логистикалык борборлордун ачылышы облустун айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат жана айыл чарба ишканаларына жана жумушчуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Долбоор ошондой эле эл аралык соода байланыштарын чыңдоого жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга салым кошот. Түшүмдү узак мөөнөткө сактоочу жабдуулар аркылуу логистикалык борбордон пайда көргөн кожолуктардын санын жана фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө багытталган иштер мындан ары да улана берет», — деп айтылат маалыматта.