Кыргызстанда жыл аягында инфляция 12 пайызга жетет.
Мындай болжолдоону Улуттук банктын аналитиктери бергенин
Тазабек басылмасы жарыялады. Ошондой эле өлкөнүн башкы
каржы мекемесинин эксперттери болжолдошкондой, 2022-жылы
инфляциянын орточо деңгээли 6,5 – 7 пайыз болору күтүлүүдө.
Инфляциянын кескин өсүшүнө азык-түлүк товарларына дүйнө
боюнча баалардын көтөрүлүшү жана дээрлик бардык айыл-чарба
тармагында жайында ысык болуп, суунун жетишсиздигинен
улам түшүмдүн көлөмү аз болгонуна байланыштуу.