“Токмок” жана “Жунда” заводдору ишке кирсе Кыргызстан өзүн күйүүчү май менен камсыздай алат

Мунайды кайра иштетүүчү “Токмок” жана “Жунда” заводдору ишке кирсе

Кыргызстан өзүн күйүүчү май менен камсыздай алат. Монополдукка каршы жөнгө салуу

мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси

Сагын Маматоморов билдиргендей, аталган эки завод жылына 1 миң 200 тонна

күйүүчү-майлоочу майды иштете алат. Учурда алар жабык турат. Кошумчаласак,

өлкөдө  мунайды кайра иштетүүчү 10 завод бар. Алар жылына 2 миллион тонна

иштеп чыга алат. Ал эми ички муктаждык 1,5 миллион тоннаны түзөт.