Кыргызстанда пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлыктары өз убагында берилет

Кыргызстанда пенсия, жөлөк пул жана мамлекеттик органдардын айлыктары өз убагында берилет. Буга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ишендирүүдө. Ал белгилегендей, мамлекеттик бюджеттин абалы оор экенине карабай, социалдык  милдеттенмелер мөөнөтүндө аткарылат.

 

Асрандиев кошумчалагандай, жыл башынан берки беш айда бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды, ал эми ишкерлерди салыктан бошотуу андан дагы көп жоготууларга алып келет.