Улуттук банк сомдун наркын туруктуу кармоо максатында интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси дүйнөлүк валюта рыногуна чыгып 31 миллион доллар сатты.
Бүгүн долларды сатып алуу курсу 5 тыйынга арзандап, ал эми сатуу мурдагы деңгээлинде – 84 сом 90 тыйын деп кармалып турат. Бул беш айдан бери биринчи ирет жасалган интервенция. Акыркы ирет чет элдик валюта 29-апрелде сатылган.
Анда көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 62 миллион доллардан ашкан.