Бир мандаттуу система боюнча талапкерлердин саны 40ка жетти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык,
Жогорку Кеңешти шайлоого карата өзүн-өзү көрсөткөндөрдү
каттоого алуу 13-октябрда аяктайт. Ал эми күрөө акысын төлөө
мөөнөтү 18-октябрга чейин. Бир мандаттуулар 100 миң сом
төлөшү керек болот. Добуш берүү 28-ноябрда өтөт.