Кыргызстанда доллар арзандоо багытын улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоо багытын улантууда. Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 76 сомдон сатып алып, кайра 76 сом 70 тыйындан сатышууда.

 

Эске салсак, марттын аягында доллар кескин кымбаттап,  рекорддук деп эсептелген 85 сомго жеткен болчу. Улуттук банк серпилүүнү алдын алуу үчүн эл аралык валюта рыногуна чыккан.