Улуттук банк коммерциялык банктарга долларды сатууга коюлган чектөө маселеси боюнча комментарий берди

Улуттук банк коммерциялык банктарга долларды сатууга коюлган чектөө маселеси боюнча комментарий берди.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен такташкандай, банк коммерциялык банктарга чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө эч кандай чектөөлөрдү койгон эмес.

Белгилеп кетсек, бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттары айрым коммерциялык банктарда доллар түгөнүп, акча алмаштыруу иштери токтотулганын жазган.