Улуттук банк жума ичиндеги экинчи интервенциясын өткөрдү. Бул ирет эл аралык валюта рыногна 35,6 миллион доллар чыгарылып сатылды.
Жалпысынан февралдын башынан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси 3 интервенция өткөрүп, дээрлик 123 миллион доллар сатты.
Бирок бул каржылык операциялар натыйжа бере элек. Бишкекте америкалык валюта 88 сомдук чектен ашып, дагы эле акырындап кымбаттоосун улантууда.