Улуу Британиядагы атактуу “Q” басылмасы пандемиянын жабырлануучусу болуп калды. 30 жылдан бери чыгып келе жаткан журнал кризистин айынан жабылганын анын редактору Тед Кеслер жарыялады.
28-июлда анын акыркы саны чыгарылат. Анда жаңы макалалар эмес, басылманын тарыхындагы эң мыкты интервьюлар жана материалдар жарык көрөт.