Өзбекстанда 95 жаштагы карыя жогорку окуу жайга тапшырды

Өзбекстанда 95 жаштагы карыя жогорку окуу жайга тапшырды. Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, коңшу өлкөдө быйылкы абитуриенттердин эң жашы 13 жашта болсо, эң карысы 95те.

 

Карыя кайсы багытта билим ала турганы такталбайт. Эске салсам, буга чейин Өзбекстанда 87 жаштагы жаран дагы окуу жайга тапшырып, эң кары студент аталган.