Ушул жылдын май айында кыргызстандык мигранттар мекенине 227 миллион доллар которду.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул апрель айына салыштырмалуу, 11 миллион сомго көп.
Салтка айлангандай, эң чоң сумма Россиядан келди – дээрлик 222 миллион доллар. Алыскы чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар өлкөсүнө 5 миллион доллардай которушкан. Кошумчалап кетсек, жыл башынан бери мекендештер жалпысынан 986 миллион доллар которду.