Быйыл 34 башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемеси компьютерлер менен камсыздалат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 20 мекемеде компьютердик класстар жана конференц-залдар ачылып, 7 кесиптик лицейге жаңы компьютерлер берилип, 8 педагогикалык билим борборуна окуучуларга практикалык сабак өтүү үчүн 3D принтер тапшырылат.
Аппараттардын жалпы баасы 695 миң доллардан ашты.
Жабдуулар Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен алынып келинет.