Тематикалык теле сериалдарды тартууга 30 миллион сом бөлүндү

Тематикалык теле сериалдарды тартууга 30 миллион сом бөлүндү.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирет.

Анын айтымында, кино сериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча

сынак ушул айдын аягына чейин жарыяланат. Маалыматка караганда,

сценарийде идеология болушу зарыл. Тасмадагы эң башкы үч тема адам,

үй-бүлө жана мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо,

жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт, — деди Абылгазиев.

Ал ушул механизмди колдонуу менен атаандаштык чөйрөнү жана

кино индустрияны өнүктүрүү керектигин кошумчалады.