Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоого кадам таштады

Бишкекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 5-7-май күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кезиккен.
«Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү», — деп жазылат маалыматта.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлган. Ал эми кийинки жолугушууну Өзбекстанда өткөрүү пландалууда.