XXIV кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча бүгүн
кечки саат 6да башталат. Иш-чара Пекиндеги Улуттук стадиондо өтөт. Быйылкы
олимпиадада спорттун 7 түрү боюнча 109 топтом медаль ойнотулат. Дүйнө биринчилигине
92 өлкөнүн спортчулары ат салышары күтүлүүдө. Ал эми биздин өлкөнү тоо лыжа
спортчусу Максим Гордеев тартуулайт. Ал медаль үчүн 16-февралда таймашат.