Чолпон-Атага быйылкы кышта алгачкы ирет калың кар жаады.
Көрүнүштү жергиликтүү жашоочулар соцтармактарга бөлүшкөн
видеодон көрсө болот. Алардын айтымында, кар массасынын
калыңдыгы 20 сантиметрге жетет. Буга чейин ушул кышта
Чолпон-Атага мындай калың кар жаай элек болчу.