Кыргызстанда күйүүчү май арзандады

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдиргендей,

баалардын түшүшү россиялык нефть иштетүүчү заводдордо баалардын

арзандаганы себеп. Эки жума мурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 60 тыйынга,

дизель майы жана унаа газы 1 сомго арзандады. Баалардын мындан кийинки

абалы тууралуу азырынча так айтыла элек. Ал эми унаа газынын баасы т

өмөндөшү Казакстанда жыл башында газ кымбаттап кеткендигине байланыштуу.

Бир нече тарап алар менен келишим түзбөй койгон. Эске салсак, Кыргызстан

бензин менен күйүүчү майдын 90 пайызын Россиядан алат.

Ал эми авто газдын басымдуу бөлүгү Казакстандан импорттолот.