Бишкек мэриясында коомдук унаалардын тарифтери кайра каралууда

Бишкек мэриясында коомдук унаалардын тарифтери кайра каралууда.

Үй-бүлөдө бир нече мектеп окуучусу болгондордон сунуштар түшүп жатат,

бул маселе эске алынат, — деп билдирди  вице-мэр Максат Сазыкулов.

Учурда бул суроо активдүү талкууланууда. Бирок качан чечилери белгисиз, — деп

белгиледи вице-мэр. Белгилеп кетсек, Бишкекте 1-ноябрдан тартып маршруттук

таксилерде жол кире 15 сом болсо, автобус, троллейбустарда 11 сомго көтөрүлдү.

Пенсионерлер үчүн маршруткаларда мурдагыдай эле 50 пайыздык жеңилдик каралды.

Алар троллейбус, автобустарда пенсиялык күбөлүгү менен акысыз жүрө алышат.

Ал эми окуучулар үчүн эч кандай жеңилдик берилген эмес.