Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы селдин кесепети 2 миллион сомго жетти

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы селдин кесепети 2 миллион сомго жетти.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн novosti.kgге билдиришти. Маалыматка ылайык,

10-июнда суу ташкынынан Барскоон айылындагы турак-жайлар, чарба курулуштары жана

ири канал жабыркаган. Учурда жарактан чыккан көчөлөрдө тазалоо жана калыбына келтирүү иштери

50 пайызга аткарылды. Учурда селден коргоо каналын куруу боюнча иштер жүрүп жатат.