БШК шайлоо кампанияларынын баннерине 2 миллион сомдон ашык каражат сарптайт.
Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргендей, БШК бул боюнча тендер жарыялады.
Мерчемделген сумманын ичине баннердин дизайны да кирет. Эске салсак, жергиликтүү шайлоолор
Ош, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу, Токмок жана 25 айылдык кеңеште ушул жазда өтмөк.
Ага катышуу үчүн 22 саясий партия арыз калтырышкан.